Президенттин жакын тууганы Улан Жапаров коррупцияга шектелип камакка алынган  

  • 2 месяца мурун

Президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу Улан Жапаров коррупцияга шектелип Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абак жайында бир айдан бери жатат. Биринчи май райондук соту аны 19-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарганын бир катар ЖМК өз булактарына шилтеме берип жазды.  

Улан Жапаров ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип Ички иштер министрлиги тарабынан кармалып, камакка алынган. 4 айдан кийин ал үй камагына чыккан.

Кылмыш ишин эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы тергеп жаткандыгы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты