“Президенттин уулу Рустам Жапаров делегациянын курамында Самаркандга барган”. Текшеребиз

“Президенттин уулу Рустам Жапаров делегациянын курамында Самаркандга барган”. Текшеребиз

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине баргандыгы тууралуу маалыматтар айтылып, сүрөт жарыяланган. 

Фейсбук колдонуучусу Илгиз Шаменов, ШКУдагы жолугушууда тартылган сүрөт менен бөлүшүп, Садыр Жапаровдун баласы Рустам Самаркандда ШКУда жүргөндүгүн жазган. 

“Садыр Жапаровдун баласы Рустам Самаркандда ШКУда эмне кылып жүрөт? Же мамлекеттин атынан делегация болуп бардыбы? Билгендер барбы? Качан кландык үй-бүлөөлүк башкаруу токтойт?” — деп жазылган билдирүүдө. 

“Президенттин уулу Рустам Жапаров делегациянын курамында Самаркандга барган”. Текшеребиз

Ал эми социалдык тармактын экинчи колдонуучусу Нурдана Бегим да бул тууралуу билдирүү калтырып, сүрөттү бөлүшкөн.

“Аваңардын уулу кайсы кызматта эле?”, — деп жазган Нурдана Бегим. 

“Президенттин уулу Рустам Жапаров делегациянын курамында Самаркандга барган”. Текшеребиз

Жарыяланган сүрөттөн бир катар мамлекеттердин президенттери чай үстүндө сүйлөшүп жаткандыгын, алардын аркасында бир нече адамдар тургандыгын көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучулары белгилеп жаткан адам, Садыр Жапаровдун артында сол жакта турат. “ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Ушундай эле сүрөттү Каримов Шавкат аттуу колдонуучу, 15-сентябрь саат 23:38де, “Азыр Самаркандда” деп бөлүшкөн. Ал сүрөттө дагы Рустам Жапаровду көрүүгө болот. 

“Президенттин уулу Рустам Жапаров делегациянын курамында Самаркандга барган”. Текшеребиз

Ал эми дагы бир Фейсбук колдонуучусу Ахрорбек Мухаммаджонов, аталган жолушуудагы сүрөттүн каршы тарабындагы сүрөтү менен бөлүшкөн. Сүрөт Самаркандда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде тартылганы жазылат.

“Президенттин уулу Рустам Жапаров делегациянын курамында Самаркандга барган”. Текшеребиз

Демек, бул сүрөттөр Самаркандда өтүп жаткан ШКУ лидерлеринин расмий эмес жолугушуусу учурунда тартылган.

Рустам Жапаров Садыр Жапаровдун улуу баласы. Массалык маалымат каражаттарында, ал 2019-жылы үйлөнгөнү тууралуу маалыматтар чыккан эле. 

“Президенттин уулу Рустам Жапаров делегациянын курамында Самаркандга барган”. Текшеребиз

Расмий делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кеткен. Аны менен бирге кеткен КРнын расмий делегациясынын курамында төмөнкү кызмат адамдары барган. 

Алар:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;

– Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;

– Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Рустам Жапаров расмий делегацияныын курамына кирген эмес. Саммитке кандай максатта, кандай курам менен барганы белгисиз. 

Самарканд шаарындагы ШКУнун жолугушуусу 

Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлеринин саммити болду. Ага бир катар өлкөнүн президенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулук жаатындагы уюмдун мүмкүнчүлүктөрү, транспорттук өз ара байланыштарды,  экономикалык байланыштарды бекемдөө,  ШКУнун алкагында маданий-гуманитардык алаканы чыңдоо сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү.

Эске салсак, ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирген. Афганистан, Беларусь, Иран менен Монголия байкоочу болсо, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекет катары катталган.

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров, Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлеринин саммитине барганы чын. Бирок, кандай максатта барганы белгисиз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты