Президенттин Сауд Арабияга сапары. Кимдер коштоп кетти?

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти. Өлкө башчысы “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышары айтылган.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

• Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
• Улукбек Марипов — Кыргызстадын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси;
• Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
• Тойгонбай Абдыкаров — дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
• Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;
• Талгат Аширбеков – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты