Президенттин Ош облусундагы өкүлү, анын орун басары жана Кара-Суу районунун акими кызматтан алынды

  • 1 год мурун

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, анын биринчи орун басары Данияр Жаныкулов жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттие басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында жогорудагы кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу аты аталган жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилип,
мамлекет башчысынын чечими менен жумуштан бошотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты