Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү

  • 2 года мурун

Президенттин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн жана Ош шаардык мэриясынын аппарат менен кызматкерлеринин арасында спорттук достук мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош облусунун башчысы бардык катышуучуларды таза жана калыс оюн көрсөтүүгө чакырып, мелдештин максаты президенттин жарлыгын ишке ашыруу жана достукту чыңдоо экенин билдирди. Командалар спорттун футзал жана волейбол түрү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында футзал боюнча:

1-орун президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

2-орун президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

3-орун Ош шаардык мэриясынын аппараты.

Ал эми волейбол мелдешинин жыйынтыгы:

1-орун президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

2-орун президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

3-орун Ош шаарынын мэриясынын аппараты.

Достук мелдешинин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты