Президенттин Нарын облусундагы өкүлү алмашты

  • 2 года мурун

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекет башчысы кол койгон башка жарлыкка ылайык, Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты