Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Фейсбук колдонуучусу Тыныстан Асыпбек 5-сентябрда президент Садыр Жапаровду коштоп жүргөн унаалардын видеосу менен  бөлүшүп, акыркы күндөрү алардын арасына  2021-жылы өндүрүлгөн Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү чопкутталган эки жолтандабас кошулганын жазып чыкты.

cars.usnews.com сайтындагы маалыматка ылайык, бул автоунаалардын баасы 59 миң 726 доллардан 80 миң 704 долларга чейин барат.

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Бул билдирүүнүн алдына президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Чет элдик өнөктөштөр мамлекет башчысынын күзөт кызматы үчүн коштоп жүрүүчү эки атайын унааны гранттык негизде беришкен. Мамлекеттик казынадан эч бир каражат кеткен жок”, — деп комментарий калтырды. Бирок ал унааларды кайсы өнөктөштөр бергенин тактаган жок.

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Социалдык тармактын колдонуучулары президенттин администрациясы унааны кайсы өнөктөштөр бергенин ачыктабай жатканына нааразы болуп, мамлекет башчынын кымбат баалуу белектерди алуусу мыйзамга каршы келерин жазышууда:

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз
Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз
Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Мындан улам “ПолитКлиника” медиасы чет элдик донорлордон гранттык жардам алуунун жол-жобосун жана президенттин кымбат баалуу белек алуусу мыйзамга каршы келип-келбесин текшерип көрдү. 

Президент — мамлекеттик кызматкер

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда “саясий мамлекеттик кызмат ордунун” түшүндүрмөсү жазылган. Ага ылайык, бул кызматты ээлеген адам бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатты аныктоочу чечимдерди кабыл алат. Ошондой эле Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында коюлган саясий максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартары жазылган.

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Ал эми Баш мыйзамдын 66-беренесинде президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктары жана мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылары жазылган.

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Демек, президент — бул саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адам. 

Мамлекеттик кызматкердин жеке жана юридикалык жактардан белек алуусуна тыюу салынат

Мамлекеттик кызматкердин милдеттери, укуктары жана аларга коюлган талаптар тууралуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда жазылган.

Аталган мыйзамдын 15-беренесинде мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка байланышкан чектөөлөр көрсөтүлгөн. Анда мамлекеттик кызматкер кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга тыюу салынары жазылган. 

“Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер тиешелүү түрдө мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги катары таанылат жана тиешелүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өткөрүп берилет”, — деп жазылат мыйзамда. 

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктоочу “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзам бар.

Аталган мыйзамдын 12-беренесинде мамлекеттик кызматкерлерге белектерди кабыл алууда кандай чектөөлөр киргизилгени жазылган.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, наркы 1000 сомдон ашпаган адаттагы белектерди кошпогондо, белектерди алуусуна тыюу салынат. 

Мамлекеттик кызматтагы адамдарга кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу расмий протоколдук иш-чаранын алкагында гана дипломатиялык белектерди алууга уруксат берилет. 

Дипломатиялык белек — протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белек.

Дипломатиялык белектер мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ал белектер мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын балансына өткөрүп берилүүгө тийиш. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өкмөт аныктаган учурда жана тартипте дипломатиялык белекти сатып ала алат.

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Чет өлкөдөн гранттык жардам алуунун жол-жобосу кандай?

Кыргызстанга тыштан келген жардам бир канча ченемдик актылар менен жөнгө салынат. Алар — Бюджеттик кодекс, “Эл аралык келишимдер жөнүндө” жана “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” мыйзамдар, өкмөттүн “Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө” жана Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жоболору.

Бюджеттик кодексте грант түшүнүнүгү төмөндөгүчө чечмеленет:

Грант — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдарына донорлор тарабынан берилүүчү акысыз каржылык же техникалык жардам, ошондой эле республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге акысыз жана кайтарымсыз берилген акча каражаттары (трансферттер).

Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби тууралуу өкмөттүн жобосунда жазылган. Ага ылайык, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу процесстерин координациялоону Экономика министрлиги ишке ашырат. Бул мекеме Кыргызстандын атынан чет өлкөлүк донорлор менен сүйлөшүүлөргө жана талкууларга катышат.

Грант алып жаткан мамлекеттик орган же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы (аткаруучу агенттиктер) грант тартуу маселеси боюнча донорлорго Экономика министрлиги (ыйгарым укуктуу орган) менен макулдашкандан кийин кайрылат. 

Аткаруучу агенттиктер ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга долбоордук сунуштарды киргизүүдө тиешелүү чөйрөдө мурда ишке ашырылган тышкы жардамдардын долбоорлору жана алардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берет. Ыйгарым укуктуу орган долбоордук сунушту алгандан кийин, он иш күнүнүн ичинде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы жөнүндө корутунду берет.

Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй критерийлердин негизинде кабыл алат:

— долбоордун Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык «өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына жана/же өнүгүүнүн тиешелүү сектордук стратегияларына шайкештиги;

— Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалына долбоордун натыйжаларынын олуттуу таасири;

— долбоордун андан аркы туруктуулугу;

— ар кандай региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүн теңештирүү;

— долбоордун тиешелүү чөйрөдөгү башка долбоорлорду кайталабоосу.

Донор менен долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин Экономика министрлиги аны мамлекеттик каттоого алат. Ал үчүн аткаруучу агенттиктер белгилүү бир документтердин топтомун бериши керек.

Экономика министрлиги документтер келип түшкөндөн кийин 10 иш күнүнүн ичинде карап чыгып, долбоорду мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимин чыгарат.

Андан кийин долбоорго каттоо номерин ыйгарат жана эл аралык гранттык жана техникалык жардамдардын долбоорлорунун реестрин жүргүзөт, ал расмий сайтка жайгаштырылат.

Эгер зарыл болгон документтер жок болсо, ыйгарым укуктуу орган долбоорду мамлекеттик каттоодон баш тартат.

Долбоор башталганда эл аралык донорлордон жардам алган мамлекеттик орган Экономика министрлигине квартал сайын отчет берип турат.

Долбоор аяктагандан кийин аткаруучу агенттик үч айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга жетишилген натыйжалар жөнүндө жыйынтыктоочу отчёт бериши керек. Жыйынтыктоочу отчёт берилбеген учурда долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары канааттандырарлык эмес деп табылат.

Жетишилген натыйжалар жөнүндө жыйынтыктоочу отчёт аткаруучу агенттик тарабынан расмий сайтка жайгаштырылат.

Биз президенттин кортежине кошулган жолтандабастарды кайсы чет өлкөлүк өнөктөштөр, кандай тартип менен бергенин билүү үчүн мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге чалып байланыша алган жокпуз.

Ал эми Экономика министрлигинин сайтындагы эл аралык гранттык жана техникалык жардамдардын долбоорлорунун реестрине 2022-жылы бир дагы долбоор кирген эмес

Президенттин кортежине “чет өлкөлүк өнөктөштөр” жаңы жолтандабастарды берди. Бул мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Жыйынтык: Президенттин күзөт кызматына чет элдик өнөкөштөр гранттык негизде берди делген жолтандабастар тууралуу эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар боюнча ыйгарым укуктуу орган — Экономика министрлигинин реестринде маалымат жок. 

Ал эми президент мамлекеттик кызматкер болуп саналгандыктан, анын кымбат баалуу белектерди алуусу мыйзамга каршы келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты