Президенттин кеңешчиси чек арадагы кол салууда тажик тарап 400дөй жаранынан айрылганын жазды. Текшеребиз

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта тажик тарап 400гө чукул жаранынан, 50дөн ашык танкасынан, 20дан ашык ар түрлүү чопкутталган техникасынан айрылганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Президенттин кеңешчиси чек арадагы кол салууда тажик тарап 400дөй жаранынан айрылганын жазды. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Чолпонбек Абыкеевдин билдирүүсүн текшерип көрдү.

Окуянын чоо-жайы

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200гө жакын киши жараат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Тажикстандын куралдуу кагылышта каза болгондор боюнча расмий маалыматы

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадагы соңку кагылышта 41 адам каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алган. 24-сентябрда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп,  40тан ашуун жайкын тургун набыт болуп, 200дөйү жарадар болгонун билдирген. 

Тажикстандын расмий органдары бул кагылышта зыянга учураган аскердик техникалары тууралуу маалымат берген эмес. 

 Чолпонбек Абыкеев тууралуу эмнелер белгилүү?

2020-жылы ноябрь айында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешме түзүлүп, анын курамына Чолпонбек Абыкеев кирген. 2021-жылы майда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болгон. Андан көп өтпөй, эки айдан кийин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттик катчы кызматына дайындалган. Ошол жылдын октябрь айында бул кызматынан бошотулуп, бүгүнкү күнгө чейин президенттин кеңешчиси кызматын аркалап келет.

Президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү талкууга алынганда Чолпонбек Абыкеевдин Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсү сынга кабылган. Анда Абыкеев «Балмуздак менен алтынды ажыратууга акылы жетпегендерге эмне дейсиң!? Алтын кагаз каропкага (ред. коробка) салынбайт» деп жазган. Кийин президент Садыр Жапаров сүрөттө алтын куймаларды кармап түшкөн адам анын агасы Сабыр Жапаров экенин ырастаган. 

Президенттин кеңешчиси чек арадагы кол салууда тажик тарап 400дөй жаранынан айрылганын жазды. Текшеребиз

Жыйынтык: Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Фейсбук баракчасына чек арадагы куралдуу окуяда тажик тарап 400гө чукул жаранынан айрылганы тууралуу жазганы чындыкка дал делбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты