Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Каныбек Туманбаев иш башкармалыктын жетекчиси болуп дайындалды.

Каныбек Туманбаев 1981-жылы 30-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр инженерия-педогогикалык институтун аяктаган.

2018-жылга чейин «Марс» телерадиокомпаниясынын негиздөөчүсү болгон. «Авиценна» Эл аралык институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

2012-2019-жылдары «БКС» курулуш компаниясынын директору болгон.

2015-жылы КСДП партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон. Ал эми 2020-жылы «Биримдик» партиясынын катарында шайлоого аттанган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты