Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси пара алууга шектелип кармалды

  • 6 месяцев мурун

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

23-ноябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.дан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т. кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында М.Т. Кыргыз Республикасынын А.П. жана А.А. аттуу жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, материалдык пайда алуу максатында, рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады деген арыз менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Бга карата чара көрүү жөнүндө кайрылышканы аныкталган. М.Т, А.П. жана А.А. менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан пайдаланып, ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директору А.Бдан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалаганы такталды.

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү жана ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты