Президенттин басма сөз катчысы Ширшовго козголгон кылмыш иш боюнча билдирүү жасады

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Ширшовго козголгон кылмыш иш боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты. Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн пезидент кабыл алган», — деп жазды Эрбол Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты