Президенттин басма сөз катчысы дин маселесине эскертүү бергенде, Эртай Искаков жазгандарын өчүрдү

  • 1 неделя мурун

Эртай Искаковдун Фейсбук баракчасына дин тууралуу жазган постуна президенттин маалымат катчысы Аскат Алакөзөв эскертүү бергенден кийин ал постун өчүрдү.   

Аскат Алакөзов мындай деп жазган:

“Урматтуу достор, ушул сыяктуу чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду токтотуу керек. Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете.  Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө.

Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам” деди Алакөзөв.

Андан кийин Эртай Искаков жазгандарын өчүрүп койду.

Ал минтип жазган:

Президенттин басма сөз катчысы дин маселесине эскертүү бергенде, Эртай Искаков жазгандарын өчүрдү

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин (ЖК) кароосуна киргизилмей болду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөттө: Аскат Алакөзөв. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты