Президенттин администрациясынын сунушу менен башкы прокурордун биринчи орун басары кызматтан алынды

  • 2 года мурун

Башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу президенттик администрациянын кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин жумуштан алууну сунуштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматовду дагы кызматтан алуу сунушталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты