Президенттин администрациясында кыргыз-япон кызматташтыгы талкууланды

  • 10 месяцев мурун

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальнинги Айбек Джунушалиев Япониянын Орусия жана КМШ өлкөлөрү менен соода ассоциациясынын башкы директору Такафуми Накай менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар логистика, инвестиция, айыл чарба, соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап алдыңкы япон тажрыйбасын жана технологиясын колдонуу менен кыргыз экономикасынын конкреттүү тармактарына Япониянын алдыңкы компанияларынан инвестиция тартуунун келечегин белгиледи.

Айбек Джунушалиев Кыргызстан Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын жалпы баалуулуктарын бөлүшүүчү жакын жана достук өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Өз кезегинде Такафуми Накай эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган долбоорлордун жана демилгелердин алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү ниетин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты