Президенттин администрациясында кадрдык өзгөрүү болду

  • 5 месяцев мурун

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары – контролдоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган кызматка Казыбек Молдажиев дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жетиген Бакиров бул кызматка былтыр дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты