Президенттин администрациясы ЖМКлар жөнүндө мыйзамдын мурда маалымдалбаган үчүнчү вариантын сунуштай турганын билдирди

  • 1 год мурун

Президенттин администрациясы 11-февралда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топко аталган мыйзам долбоорунун үчүнчү вариантын сунуштарын кабарлады.

Белгилей кетсек, медиа коомчулук менен жумушчу топтун мүчөлөрү долбоордун экинчи варианты менен таанышып чыгып, 10-февралга чейин сунуштарын бермек. Бирок экинчи вариант талкуулана электе эле президенттин администрациясы буга чейин маалымдалбаган үчүнчү вариантты сунуштай турганын билдирди.

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Былтыр 15-ноябрда сын-пикир коштолгон коомдук жыйындан кийин президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон.

Жумушчу топ 5-декабрда түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты