Президенттик камералык оркестрдин артисттери отставкага кеткенин жарыялады

  • 12 месяцев мурун

Президенттик камералык оркестрдин негизги курамы жана анын жетекчиси Эрнис Асаналиев отставкага кеткендигин жарыя кылды.

Бул тууралуу оркестрдин жетекчиси жана дирижеру Эрнис Асаналиев коомчулукка кайрылуу жасады. Кайрылууну Кактус-медиа билдирди.

Анын себеби оркестрдин администрациясынын жетекчилиги менен пикир келишпегенинен болгонун билдирди. Чыгармачыл адамдар үчүн адам чыдагыс шарт коюлганын жана аларды бир калыпка салуу мүмкүн эместигин айтты. Ошондуктан чыгармачыл жамааттын негизги курамы отставкага кетүүнү чечкенин билдирди.         

«Биздин концерт азырынча болбой тургандыгын биздин угуучуларыбызга айтып коюуну өз милдетин деп эсептейм. Бирок концерт сөзсүз болот, себеби биз маданиятты жана жарыкты алып жүрөбүз, алар биздин аткаруубузда сөзсүз силердин жүрөккө жетет. Качан жана кайда болорун” клшумча билдиребиз” деди жетекчи жана дирижер Эрнис Асаналиев.

 Сүрөт: Концерттен. Эрнис Асаналиевдин ФБ баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты