Президент жолдор кайсы каражаттардын эсебинен оңдоло турганын айтты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине кезектеги маегин берди.

Анда ал Талас, Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын ички жолдорун оңдоого кеткен каражат кайдан алынарын айтып берди.

«Жолдорубуз оңолсо, элдин карым-катышынан баштап, туризм, экономика сыяктуу олуттуу тармактар дагы өзүнөн өзү өнүгүүгө бет алат.

Ал эми сиз сураган Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөп, асфальттап жакшынакай болуп жаткандыгына өзүбүздүн эле ишкер жигиттерибиз себепкер болуп жатышат. Мисалы, ошол эле Жумабек Салымбековду билесиздер, өз ыктыяры менен демөөрчүлүк кылып берген 50 млн сомго Нарын шаарынын жолдору салынууда. Өмүрбек Бабановду да билесиздер, бул ишкерибиз болсо 80 млн сом, дагы бир жеке ишкерлер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 млн сомдон бөлүштү. “Бакай” банкынын ээси Сергей Ибрагимов болсо 200 млн сом каражатын ортого салды. Бул каражаттарга Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдойлу деп жатабыз.

Мен жогоруда атаган ишкерлерди өз өлкөсүнө кайдыгер карабаган, Кыргызстанда иштеп тапкан пайдасы менен бөлүшө билген берешен, март жигиттер деп айтаар элем. Учурдан пайдаланып, мамлекетке төлөп жаткан салыгынан сырткары, өз ыктыяры менен өлкөмө пайдам тийсе деген ниеттерине ыраазычылык билдире кетейин.

Бизде, Кыргызстанда мындай колу ачык жигиттер көп эле деп ойлойм. Бутуна туруп, телчигип бараткан мамлекетин колдон-буттан алып, сүйөп-таяп, өнүгүп кетсе деген тилектеги эр-азаматтарыбыз четинен чыгат деп ишенем. Мындай Мекеним деген, Кыргызстан өнүксүн деген уул-кыздарыбыздын келечеги кең болсун деп тилейм.

Албетте, мамлекет алакан жайып олтурган жери жок, бюджеттен миллиарддаган каражаттар жаңы социалдык обьектилерди, ошондой эле жолдорду курууга жана башка багыттарга жумшалууда. Ошону менен бирге, март жигиттерибиздин өз ыктыяры менен кылган демөөрчүлүгү дагы ушундай долбоорлорду ишке ашырууга жакшы өбөлгө болуп жатат», — деди президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты