Президент Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга кол койду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган редакциясына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин Регламенти парламент тарабынан Конституцияда жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт.

Буга чейин “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамы президент каршы пикири менен кайтарылган.

20-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты