Президент жарандык активист Адилет Балтабайга ырайым берди
- 2 недели мурун
Жарандык активист Адилет Балтабайга ырайым берилди. Бул тууралуу анын жакындары билдирди. Адилет Балтабай жарандык активист, блогер. Ал 2023-жылдын декабрында “массалык баш аламандыктарга чакырык жасаган” деген айып менен 5 жылга абакка кесилген.
Биринчи жолу 2022-жылдын июнь айында кармалган. Буга анын Facebook баракчасына жазган билдирүүлөрү себеп болгон. Ага чейин ал казинолорду мыйзамдаштырууга жана ККМ киргизүүгө каршы пикирлерин айтып келген.
2022-жылы үч жылдык пробациялык көзөмөл менен абактан бошотулган. Бирок кийин пробация шартын бузду деген негиз менен кайра кармалып 5 жылга Бишкектеги 1-тергөө абагына киргизилген.
Муну бөлүшүү




