Президент Жапаров уран жана торий кендерин казууга уруксат берген мыйзамга кол койду

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда президенттин сайтына жарыяланды.

Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.

13-июнда, Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзам долбоору кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты