Президент Жапаров Түптө атасынын аты ыйгарылган 1500 орундуу жаңы мечитти ачты

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 28-октябрда президент Садыр Жапаров өзү туулуп-өскөн Түп районунун Кең-Суу айылында «Мусталый уулу Нургожо Ажы» атындагы мечиттин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, мечит «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондунун каражатына курулган.

Мамлекет башчысы ачылыш аземдеги сөзүндө Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин карманарын жана кыргыздардын жүрөгүндө Жаратканга ишеними бекем экенин белгилегени айтылат.

«Садыр Жапаров жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырды«, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле президент объект ыймандуулукка, мекенчил болууга, ата мекенине, эл-журтуна камкор мамиле кылууга чакырган борбор болоруна бекем ишенерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты