Президент Жапаров селден улам 1150дөй адам убактылуу көчүрүлгөнүн кабарлады

  • 2 года мурун

Соңку күндөрү катталган табият кырсыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министрликтери толугу менен ишке тартылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Мамлекет башчынын жазганына караганда, ондогон үй-бүлө, анын ичинде 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөн.

«Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам); Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан үч үй-бүлө (15 адам); Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам); Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды», — деп жазды президент Жапаров.

Жапаров жабыркаган үйлөр жакын арада калыбына келтириле турганын кошумчалады.

Соңку күндөгү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын бир топ аймактарында сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Жаан катуу жаап, суулар кирип, бир канча бодо малды агызып кетти.

Сел, көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучун эскертүүдө. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты