Президент Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Путинге көңүл айтты

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 22-марттагы  “Крокус Сити Холлдогу” ок атууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге телеграмма жолдоду.

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта «Крокус сити холлдо» көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм.

Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

22-мартта Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында ок атуу болду. 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Орус маалымат каражаттары жана айрым расмий бийлик өкүлдөрү кандуу окуяны «теракт» деп атап жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты