Президент Жапаров Мээрим Жуманазарованы куттуктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарованы Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль утушу менен куттуктады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат жарыяланды.

Мамлекет башчы спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздин бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды”деди президент.  

Өз кезегинде Мээрим Жуманазарова мамлекет башчыга жана жалпы Кыргызстан элине жылуу сөздөр жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

7-августта, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде, күмүш медалга татыктуу болду.

Мээрим Жуманазарованын күмүш медалы Париж Олимпиадасындагы экинчи медаль, буга чейин Жоламан Шаршенбеков коло медаль алган.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Мээрим Жуманазарова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты