Президент Жапаров: Курултай эч кандай парламенттин ордун баспайт
Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялар, элдик курултайды өткөрүүнүн маңызы тууралуу айтып берди.
-Биздин Баш мыйзамыбызда курултай болуш керек деп так жазылып турат. Мурдагы Баш мыйзамыбызда деле бар болчу, бирок аткарылган эмес. Курултай жөнүндө мыйзам кабыл алынбай келген, анткени мурдагы депутаттар «биз турсак, Курултайдын эмне кереги бар?» дешип, кабыл албай келишкен. Бул парламент дагы ошондой ой менен кабыл албай жатабы, айтор, мыйзам өткөн жок.
Ошол үчүн мен өзүмдүн жарлыгым менен 25-ноябрга курултай чакырдым. Буга толук укугум бар. Эмне үчүн 25-ноябрь? Анткени жыйым-терим бүтөт. Элдин баары бошогон убак болот. Дыйкандарга тоскоол болбосун дедим. Эч кандай мурдагыдай дүжүрлөр чогулбайт. Жергиликтүү бийлик делегат тандоого катышпайт. Айылдык кеңеш элди чогултат. Чогулган эл кимди шайласа, ошол адам делегат болуп келет. Ооз көптүрүп «дежурлар чогулат» деп сүйлөп жүргөндөргө айтарым, кайсыл жерде жашасаң, ошол жердеги чогулушка барып катыш. Эл шайласа, сен да делегат болуп келип, сунушуңду айт.
Ал эми “парламенттин ордун басабы?” деген сурооңузга, жок, эч кандай парламенттин ордун баспайт. Жылына бир жолу чогулуп, өкмөттүн, парламенттин бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарын угуп, аткарылган иштер боюнча өздөрүнүн көз караштарын айтып, алдыдагы жасала турган иштер боюнча сунуштарын берип, кайра тарап кетип турушат.
Эмне үчүн мындай кылып жатабыз? 30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат бердим. Бирок журналисттерди чектебедим, баары киришти.
Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду. Экономикабыздын абалы кандай? Кантип көтөрсөк болот? Кайсы аймактарга жолдорду, кайсы аймактарга мектептерди, кайсы аймактарга завод-фабрикаларды салсак деген бир дагы демилге же сунуш жок. Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурдум. Интернет булактарынан кайталап көрүп чыксаңар болот. Анан ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде Курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим.
Өлкөнүн булуң-бурчунан, ар бир айыл өкмөттөн келген жарандарыбыз ошол аймактарга кандай иштерди жасашыбыз керек экенин түздөн-түз сунуштарын берсин дедим. Курултай эки күн болот. Эркин микрофон болот. Каалаган делегат сүйлөсүн. Элден корко турган же жашыра турган эч нерсебиз жок. Колдон келишинче, бюджетибиздин алына жараша иштерди жасап жатабыз. Ооба, кемчиликтер дагы жок эмес. Баары эле жипке тизгендей дегенден алысмын. Кемчиликтерди дагы айтышсын. Андан биз кыйшайып кетпейбиз, тескерисинче, оңолобуз. Эгемендүүлүктөн бери чирип калган системаны акырындык менен четинен оңдоп келе жатабыз.
Ошентип, Курултай институтун киргизип алсак, мындан ары жыл сайын элдин алдына чыгып, аткарылган иштер боюнча маалымат берип, алардын сунуштарын угуп турсак бийлик жаман болбойбуз. Бийлик башындагылардын баары жыл сайын элге отчет берип көнүп калышат. Эгер мен жеке өзүмдүн жыргалчылыгымды ойлосом, убактым бүткөнчө мен деле жыргап алайын деп тынч олтура бермекмин.
Антпестен системаны түзүп, салтка айлантып койсок, кийин ким президент болуп келбесин, жылда эл алдына чыгат. Ачуу-таттуу сөздөрдү түздөн-түз угуп турат. Антпесек, саясатчылар бир гана жеке кызыкчылыктары үчүн иштешет. Өз айылдарында бир эмес, эки мектеп турса да, үчүнчү мектепти салдырып алгандар бар. Мындай айылдар толтура. Ошол эле маалда кошуна айылында мектеп жок. Жол, ФАП, спортзал жана башка маселелер дагы ушундай. Кийин ошол айылдын колдоосун алышым керек деп иш кылышат. Мындан ары мындай болбойт. Кайсы айыл муктаж болсо,ошол айылдарга салынат. Айылдардан келген эл болсо түздөн-түз чындыкты айтышат. Ошолорду угалы.
Ал эми “альтернативдүү Курултай уюштурабыз” дегендер аман эле болсун эми.
5-6 жыл мурда депутаттыкка жетпей жүргөндө курултай болуш керек деп кыйкырып жүргөн. Депутаттыкка жетип алгандан кийин курултай мамлекетти талкалайт деп калыптыр. Муну эки жүздүүлүк деп коет,-деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы эки жума мурун элдик курултайды чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.