Президент Жапаров ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарын кабыл алды

  • 2 года мурун
Президент Жапаров ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда ЕККУнун алкагында этностор аралык мамилелер жана кызматташтык талкууланды.

«Садыр Жапаров Кыргызстанда көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, анын ичинде жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү сактоо саясаты жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Учурда “Кыргыз жараны” концептуалдык программасы ишке ашып жатканы, мектептерде улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө көп тилде билим берүү долбоорлору иштей баштаганы айтылды», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, президент улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу, аларды болтурбоо максатында мамлекеттик органдар тийиштүү иштерди аткарып, республикалык жана жергиликтүү деңгээлде этностор аралык коомдук кеңештер, кабылдамалар иштеп жатканын белгилеген.

Өз кезегинде Кайрат Абдрахманов жылуу кабыл алгандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси жана жалпысынан ЕККУ Кыргыз Республикасынын жана жеке президенттин уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын жана колдоосун жогору баалай турганын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар этностор аралык мамилелер жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты