Президент Зардалы айылында келерки жазда жол курулушу башталарын билдирди

  • 7 дней мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды.

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Айыл тургундарынын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат.

Мындан тышкары, жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты. Ал маселе боюнча Садыр Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты