Президент Ысык-Көл облусунун Түп районунун акимине сөгүш берди

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жазып чыкты.

«Ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды. Буга кышында жол жээгиндеги жолго себилчү кумдардын жана таштандылардын чыгарылбагандыгы себеп болду. Мындай көрүнүшкө, айрыкча, турсезондун алдында жол берилбеши керек.

Бул – жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров туристтик сезонго даярдыктар боюнча шаарлардагы, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүздөн текшерүүгө алат», — деп жазды Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты