Президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-декабрда Кыргызстанда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда өлкө жетекчилиги ыкчам өзгөрүп жаткан мезгилдин чакырыктарына каршы туруу үчүн  улуттук коопсуздук органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатып, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну, кызматкерлерди социалдык жактан колдоону колго алганы айтылат.

«Ансыз учурдун талабына жооп бере турган чалгындоо, контрчалгындоо иштерин уюштуруу, ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүүдө күтүлгөн натыйжаларга жетише албайт элек. Бул багытта мамлекет тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иштерге жамы журт, жалпы коомчулук күбө», — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Мындан тышкары Жапаров өлкө аймагында тынчтыктын, туруктуулуктун болушу экономиканын өнүгүшөр шарт түзөрүн айтып, экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизип жаткан ар кандай коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иш-аракеттери дагы улантылышы керек экенин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты