Президент УКМКга караштуу «Айкөл» балдар ден соолугун чыңдоо борборун ачты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 29-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу жаңы «Айкөл» балдар ден соолугун чыңдоо борборун ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров ачылыш аземине сүйлөгөн сөзүндө УКМК кызматкерлери убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын, ошол себептен мамлекет жетекчилиги алардын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүүгө бардык аракетин жумшашы керек экенин айтты.

Президенттин айтымында, учурда коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн жаңы турак жайларды, кызматтык имараттарды салуу иштери уланууда, мындан сырткары, алардын социалдык абалын жакшыртуу жаатында дагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

“Мамлекеттин кызыкчылыгына убактысын, ден соолугун, жаштыгын арнаган эр-азаматтарыбызды мамлекет көңүл сыртында калтырбайт. Улут коопсуздугу үчүн күрөшкөн мындай эр-азаматтарыбыздын балдарына тиешелүү кам көрсөк, алар дагы улут камын ойлогон мекенчил уул-кыздардан болуп чоңоюшат деп ишенем”, — деди Садыр Жапаров.

Буга чейин «Спутник» деп аталып келген бул борбор 1960-жылдары курулган. Өткөн жылы балдар лагеринин 4 имараты эксплуатациялоого жараксыз деп табылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты