Президент: «Тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз»

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек курду. Ага тышкы карыз тууралуу суроо берилди.

«Демократия деп эле ойуна келгенди сүйлөй бергендерге ишенбегиле. Тышкы карыздарыбыз боюнча бир гана каржы министрлигинин официалдуу маалыматына ишенсеңиздер болот.

Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок. Кандай болгон күндө дагы тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз. Буга мамлекетибиздин күчү жетет. Эч камсанабаңыздар. Киреше булактарыбыз пайда боло баштады. Алдыда дагы пайда болот. Мурда салык менен бажынын эле көзүн карап олтурчубуз. Эгер биз карыз алсак дагы мурдакылардай болуп жарымын жеп албайбыз. Алган акча өзүн-өзү актай турган, киреше бере турган, пайдасын эки-үч эселеп алып келе турган тармактарга жумшайбыз», — дейт Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты