Президент: «Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмес»

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине электр энергиясы боюнча маек курду.

Жапаровго «Энергетика министрлиги быйыл «Токтогул» ГЭСинде суунун топтолуусу төмөн экенин, электроэнергияны үнөмдүү колдонбосок, кооптуу чекке түшүп кетүү коркунучун билдирди. Мындай маалымат чыкканда эле, “сууну сатып жатышат” деген сөздөр тарачу эле. Чыныгы себеби эмнеден улам?» деген суроо берилди.

Президент Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмес экенин айтты. «Бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы деп ойлойм. Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат.

Ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат», — деди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты