Президент Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштеткен заводго барды

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын филиалы болгон Чүй облусунун Токмок шаарындагы унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводго барды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын августунда сыноо режиминде ишке киргизилген. Ишкана 8 ай сыноо режиминде 900 миң килограмм шиналарды кайра иштеп чыккан.

Ал эми толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу менен завод саатына 2 тоннага чейин автомобиль дөңгөлөктөрүн кайра иштете алары айтылды. Ошондой эле жылына мурда атайын техниканын ар кандай түрлөрүндө колдонулган 2000ге чейин ири габариттүү жана 8000ге чейин орто жана жеңил габариттүү унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтире алары белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, өндүрүлгөн продукция Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот.

«Президент Садыр Жапаров заводдун иши менен таанышып чыгып, таштандылардын көлөмүн азайтып, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтып, жумуш орундарын түзгөн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты