Президент: «Сыйлыкты мындан кийин мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат»

  • 2 года мурун
Президент: «Сыйлыкты мындан кийин мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берди. Анда ага «Сиз мурда фейсбуктагы баракчаңызга: «Бийлик качаарда сыйлыктарды берип баштачу эле»,- деп жазганыңыз эсибизде. Бул ирет дагы көптөгөн жарандарыбыз мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Буга кандай комментарий бересиз?» деген суроо берилди.

«Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, “дежурларга” көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам.

Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, карапайым дарыгерлер кайдан тапмак эле.

Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот», — деп жооп берди президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты