Президент сотторду жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпай, биргелешип иш алып барууга чакырды

  • 2 года мурун

Аялдарга жана жашы жете электерге карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер Жогорку сот тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-августта судьялар менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы коомчулукта сот тутумуна нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчалардын түзүү керек экенин белгиледи.

«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.

«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Президент коомчулукта резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берүү учурдун талабы экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты