Президент шайлоо системасынын жаңы мыйзам долбоору боюнча комментарий берди
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров шайлоо системасын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору боюнча “Кабар” агенттигине маек курду.
“Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери башкаруу системасынын бардык түрлөрүн көрдү. Көпчүлүгү тыштан таңууланган башкаруу системасы болду. Тыштан таңууланган дегеним, тышкы күчтөр биздин ичибизден кайсы бир тың чыкма саясатчыны колго алып, аны каржылап, анан ал аркылуу өздөрүнө ыңгайлуу системаны кабыл алдырган учурлар көп болду. Саясатта жүрүп алардын баарын көрдүм. Азыр эми алардын аттарын атабай эле коеюн. Эл өзү билет.
Эми сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кеп кыла турган болсок, ушул долбоор кыргыз элине туура келген долбоор. Ушул система элдин колуна шайлоо укугун накта толук бере турган система болот. Эл өздөрү шайлаган талапкер үчүн нааразы болсо да өздөрүнүн мойнунда болот”, — деди президент.




