Президент селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө.

Селдин кесепетинен турак-жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес.

Башкача айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жойууга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт», — деп жазды Алагозов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты