Президент саясатчыларды мамлекеттин киреше булактарын негизсиз сындабоого чакырды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөп, өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалымат берди.

Жапаров 7-чакырылыштын депутаттары менен бирге салык, бажы тармагында мыйзамдарды кабыл алып, жыйынтыгында экономикалык абал турукташып жатканына токтолду. Ал бийлик энергетика, темир жол тармагындагы ири долбоорлорго белсенип жатканын белгиледи.

«Ири долбоорлордун бири “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну колго алып жатабыз. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун эмдиги жылы баштайбыз деген жакшы ниет менен биринчи кадамыбызды жасадык. Бул ири долбоорлор жүзөгө ашып кетсе, “Кумтөр” сыяктуу эле ири киреше булактары пайда болот. Мына ошондо калайык калк – сиздердин шайлоочуларыңыздар байма-бай коюп келе жаткан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү четинен чече баштайбыз», — деди президент.

Мындан тышкары ал саясатчыларды мамлекеттин киреше булактарына негизсиз сын айтып, саясий упай топтобоого чакырды.

“Демократия принциптерине жамынып алып, киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикир айтып, саясий упай топтогоо аракет кылган саясатчыларыбыз дагы жок эмес. Демократия шартында атаандаш пикирлердин болушу зарыл. Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыш, интриганын ордуна ошолордон арта калбай чогуу өнүгүүгө багыт алышыбыз керек экенин эсибизден чыгарбайлы”, — деди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты