Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапары аяктап, 27-декабрда Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров иш сапарынын алкагында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Орусия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Бейформал жолугушуунун алкагында президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери «Павловск» коругуна, «Царское Село» жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты