Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» футбол турнири башталды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу «Мурас» достук футбол турнири старт алды. Мамлекет башчысы турнирдин ачылышында катышуучуларды куттуктап, командаларга ийгилик каалады.
Ачылыш аземи Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында өттү. Мелдешке 16 команда катышууда. Оюндар Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” спорт комплексинде өтүүдө.
Турнирдин чечүүчү — чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндары эртең, 14-декабрда болот. Беттештер УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдарынан, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Муну бөлүшүү




