Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына караганда, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы “Акылман” президенттик лицейинде окуу жылынын аякташына арналган майрамдык иш-чарага катышып, билим берүү мекемесинин камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынын өткөрөт.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземине да катышат. “Алтын Балалык” ден-соолукту чыңдоочу борборуна барат, “Аврора” санаторийинин аймагындагы коттедждик шаарчанын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Балыкчы шаарында этти кайра иштетүүчү заводду ачат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты