Президент Садыр Жапаров ЖЕЭКтин жыйынына катышууда
- 1 week мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.
Күн тартибинде – өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери.
Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) – Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы. ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия кирет. 2023-жылы Биримдиктин органдарына Россия төрагалык кылууда.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү