Президент Садыр Жапаров Тергөө комитети түзүлөрүн айтты
- 4 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде өлкөдөгү күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирди. Анын айтымында, реформанын алкагында жаңы Тергөө комитети түзүлүп, бардык тергөө иштери ушул органга өткөрүлөт.
Мамлекет башчысынын түшүндүрүүсүнө ылайык, Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө функциясын гана аткарат. Ал эми азыркы учурда УКМК менен ИИМде ыкчам-иликтөө ишмердиги жана тергөө бөлүмдөрү бир түзүмдүн ичинде иш алып барып жатканы белгиленди.
«Тергөөнүн баары аларга өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы болсо, баарынын үстүнөн мыйзамдуу иш алып барылып жатабы, ошону көзөмөлдөйт. УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең “ОРД” (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз дейли мисалы, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли.Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат”, — дейт Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, учурда бир министр ыкчам кызматкерлерди да, тергөөчүлөрдү да башкарат. Мындай шартта айрым учурларда адилетсиз чечимдер орун алышы мүмкүн. Садыр Жапаров реформанын негизги максаты — адам укуктарын коргоону күчөтүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу экенин айтты.




