Президент Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 1-ноябрда Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн салтанаттуу иш-чарада Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына арналган куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Мамлекет башчысы милициянын коопсуздукту камсыздоодогу, мыйзамдуулукту сактоодогу жана элге кызмат кылуудагы эмгегин жогору баалады. Ал милиция кызматын «Мекенге берилүүнүн жана элге кызмат кылуунун эң мыкты өрнөгү» деп атап, курман болгон кызматкерлердин элесине таазим кылды.

Президент акыркы жылдары ички иштер органдарын колдоо багытында чоң иштер аткарылганын белгиледи: материалдык-техникалык база 85% жаңыланды; айлык акылар 2 эсеге, Баткен облусунда 4 эсеге көбөйдү; «Санарип милиция» системасы ишке кирди; өлкө боюнча 4 миңден ашуун видео-камера орнотулду; 35 жаңы имарат жана 101 автоунаа пайдаланууга берилди; Баткенде милиция кызматкерлерине 32 батирлүү үй курулду.

Мамлекет башчысы «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында камералардын санын 20 миңге жеткирүү жана ички иштер органдарына кошумча штаттык бирдиктерди берүү тапшырмасын да белгиледи.

“Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчилик, адилеттик жана калыстыкты күтүшөт, талап кылышат. Ошондуктан ар бириңиздер “Милиция элдин кызматында” деген ыйык сөздү жүрөгүңүздөргө сактап, аны иш жүзүндө далилдеп туруңуздар!” — деди Садыр Жапаров.

Президент бардык милиция кызматкерлерин жана ардагерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ден соолук, бакубат жашоо жана ийгилик каалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты