Президент Садыр Жапаров менен болгон маекте журналист оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн сөздөрүн бурмалаган (Фактчекинг)

25-апрель күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берген. Анда журналист “Оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз. Бул бийлик болбой калды. Кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?” деген суроо берген. Садыр Жапаров митингдерге каршы эместигин айтып, бирок баш аламандык кылам дегендер аёосуз жазалана турганын айткан. 

“Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле. Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм. Ошондуктан башаламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз. Аёосуз жазага тартабыз. Аларга кийин “элдин уулу эле, боштондук” деп кыйкырып чыкпагыла”, — деп жооп берген президент.

“ПолитКлиника” медиасы президенттин оппозициялык күчтөр тууралуу айтканын текшерип көрдү.

Оппозициялык кыймыл жана чакырыктар 

Президент Садыр Жапаров менен болгон маекте журналист “Оппозицияга  бириккендер” тууралуу сураган. Белгилүү болгондой март айында Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн. 

Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды бере турганы айтылган. 

Оппозициялык кыймылга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер кирген. 

Аталган кыймылдын жыйынында Роза Отунбаева, Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Исмаил Исаков, Сапарбек Аргымбаев жана башкалар сөз сүйлөгөн. Эки саатка жакын убакытка созулган жыйындын видеосунда “бийликти кулатыш керек” деген чакырыкта сөз болгон эмес. Нурбек Токтакунов гана соттук система тууралуу сүйлөп жатып, акыйкатсыз чечимдерден нааразычылыктар жаралып кетиши мүмкүн экенин эскерткен. 

“Соттун мааниси тараза. Ошол тараза жаман иштесе элде нааразычылык чогула берет. Аянтка 20-10 миң адам чогулат”, — деген Нурбек Токтакунов.

“ПолитКлиника” медиасы оппозициялык активисттердин социалдык тармактардагы билдирүүлөрүн да текшерип көрдү. 

Равшан Жээнбеков

Экс депутат Равшан Жээнбеков 2020-жылы 4-октябрдан бери Фейсбук баракчасында жүздөн ашуун билдирүү менен бөлүшкөн. 

Алардын арасында “Бийлик бир колго топтолсо эл көтөрүлүшү мүмкүн” деген божомолду бир жолу айткан. Бирок ал Садыр Жапаров жөнүндө эмес ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу болгон. 

Президент Садыр Жапаров менен болгон маекте журналист  оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн сөздөрүн бурмалаган (Фактчекинг)

Ал эми 4-октябрдагы окуядан кийин саясатка активдүү аралашып, президенттик шайлоодо атаандашы болгон Садыр Жапаров тууралуу “кетсин, азыркы бийликти кулатуу керек!” деген өңдүү билдирүүлөрдү жасаган эмес. Ал көбүнчө, президент Садыр Жапаровдун сөз эркиндигине кысым жасап жатканын сындаган. 

Президент Садыр Жапаров менен болгон маекте журналист  оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн сөздөрүн бурмалаган (Фактчекинг)

Кээ бир учурда Равшан Жээнбеков өлкө башчысынын кадамдарын кубаттаган билдирүүлөрдү да бөлүшүп турган.

Клара Сооронкулова 

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова 2020-жылы алмашкан бийлик өкүлдөрүн көпчүлүк учурда “мыйзамды сыйлабоого” жана “Конституцияны диктатуралык жол менен өзгөртүүгө айыптап келет. 

Президент Садыр Жапаров менен болгон маекте журналист  оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн сөздөрүн бурмалаган (Фактчекинг)

Ал эми Садыр Жапаровду бийликти узуапациялоого айыптаган. Бирок, “бийликти басып алуу” же Садыр Жапаровду революция жолу менен кетирүү тууралуу билдирүүлөрдү жасаган эмес. 

Анткени, бийликти басып алуу тууралуу чакырыктарды жасаган адамдарга каршы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси  тарабынан жоопкерчилик каралган. 

Ал эми  «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы»  аттуу коомго мүчө болгон  Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаевдер да социалдык баракчалары аркылуу бийликти кулатууга үгүттөгөн материалдарды жасап, чакырыктар менен бөлүшүшкөн эмес. 

Рита Карасартова

“Реформа” партиясынын мүчөсү Рита Карасартованын Фейсбуктагы баракчасында 2020-жылы октябрь окуясынан бери бийликти кулатуу тууралуу сөз болгон эмес. 

Президент Садыр Жапаров менен болгон маекте журналист  оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн сөздөрүн бурмалаган (Фактчекинг)

Ошол убакта Садыр Сапаровдун премьер-министр болуп шайланышы тууралуу каршы пикирлерин жазган. Андан кийин референдумдун өтүшү боюнча дагы сындаган постторду бөлүшкөн. Жакында болсо митингдин зарылчылыгы, сөз эркиндиги тууралуу оюн жазган.

Башкача айтканда активисттердин көпчүлүгү бийликтин кадамдарына нааразы болушса да бийликти күч менен кулатууга чакырышкан  эмес. 

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров менен маек курган “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн сөздөрүн бурмалаган. Оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү азыркы бийликке каршы экенин билдиришсе да “жакында митинг кылабыз, бийликти кулатабыз” деген чыкырыктарды жасашкан эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты