Президент Садыр Жапаров маегинде кайрадан кастык тилин колдонду

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине Кумтөр жана Кемпир-Абаддын айланасындагы маселелер боюнча маек берди.

Президент Садыр Жапаров маегинде кайрадан кастык тилин колдонду

“ПолитКлиника” медиасы президенттин маегинде бир канча адамдарга карата кастык тилин колдонгонун аныктады.

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан классификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн аброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо, ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. Кастык тили көбүнчө дини, улутуна, сырткы келбети же башка саясий көз карашы үчүн колдонулушу мүмкүн.

Садыр Жапаров Адахан Мадумаровго, Азимбек Бекназаровго карата кастык тилин колдонгон

Журналист тарабынан президентке 3 суроо берилген. Ал үч суроого тең кастык тилин колдонуу менен жооп берген.

Биринчи жооп: “Айрым ою бузук жарандар”

Президентке журналист «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бул комиссия сиздин демилге менен түзүлдү деген кептер тарап жатат. Эмне үчүн демилге көтөрдүңүз?” деген суроо берилген. Анда Садыр ЖапаровАйрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, «Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур» деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, «депутаттардан турган комиссия түзгүлө» деп эл өкүлдөрүнөн сурандым”, — деп жооп берди. Бул жерде президент “айрым ою бузук жарандар” деген сөзүндө кастык тилин колдонгон.

Экинчи жооп: “Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү”

Журналисттин экинчи суроосу: “Азимбек Бекназаров “Теңгиз Бөлтүрүктү жөн эле саясат үчүн камап койду. Алтынды чогуу жешкен. Мына Бөлтүрүк күнөөлүү экен демиш болуп, кайра эле жакында чыгарып коет” деп айткан эле. Буга кандай жооп бересиз?”

Мамлекет башчы Бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү. Алтын жеген болсок, камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жиберип, анан “мына, качып кетти, алтын жептир” деп койбойт белек. Анын тескерисинче, “качып кетпесин, сатып алуулар боюнча эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп, дизель отунун сатып алышты, баарына жооп берсин” деп камап койдук да”, — деп жооп берди.

Үчүнчү жооп: “Арам ою ишке ашпайт”

Садыр Жапаров Адахан Мадумаров тууралуу журналисттин үчүнчү суроосуна жооп берип жатып “Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт” деп билдирди.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде, Фейсбук баракчасындагы билдирүүлөрүндө дагы кастык тилин колдонуп келген. 

“Кастык тили” эмнеси менен кооптуу?

БУУнун сөз эркиндиги боюнча эксперти Дэвид Кайе кастык тили интернет желелеринде өтө бат ылдамдык менен тарап жатканын белгилейт.

“Кастык тили виртуалдык дүйнөдө өтө бат ылдамдык менен тарап жатат. Жыйынтыгында олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Аны колдонуунун башкы максаты башкалардын үнүн басуу болуп саналат. Маселе, биз муну менен кантип күрөшүүбүз керекпи дегенде эмес, маселе кантип күрөшөбүз дегенде. Анткени, кастык тили менен күрөшүү адам укугун бузбай жүрүүсү керек”, дейт Кайе.

Ар бир адам кастык тилдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Анткени, биз баарыбыз кайсы бир улуттун, кайсы бир гендердик, же социалдык топтун мүчөсүбүз. Азыркы учурда, сиз кодулап жаткан адамдар менен бир топко кирип, алардын пикирин кубаттап жаткан болсоңуз дагы, кайсы бир учурда сиздин улутуңуз, гендердик тобуңуз, социалдык тобуңузду жактырбай, кодулаган, андан иренжиген башка топ пайда болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле, жийиркенүү, жек көрүү сезиминен пайда болгон кастык тили, сөзсүз түрдө аткарылуу ыктымалдуулугуна ээ экенин “Артикль 19” уюму белгилейт.

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берип жатып “айрым ою бузук жарандар”, “бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү”, “арам ою ишке ашпайт” деген сөздөрүндө кастык тилин колдонгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты