Президент Садыр Жапаров Курман айт майрамы менен куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Баарыңыздарды мусулманчылыктагы эң чоң эки майрамдын бири Курман айт майрамы менен чын ниетимден куттуктайм.

Курмандык чалуу амалдары менен өзгөчөлөнгөн, элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт. Курмандык – бул жаратканга жакындоонун, анын буйрук-талаптарына моюн сунуп, напсиге азгырылбай, күйүмдүү болуунун белгиси. Анын маани-маңызы колунда бар жарандар менен муктаж болгондордун ортосунда көпүрө жаратып, алардын ортосунда мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдерди жандантып, бири-бирине болгон сый-урматын бекемдөөдө жатат. Жоомарттык кылып, курмандык чалып, башка бир мекендешине майрам тартуулоо менен адамзатты ынтымакта, биримдикте, тынчтыкта жашоого үндөй турган өзгөчөлүккө ээ.

Мен дагы жалпы Кыргыз жарандарын Курман айт майрамында муктаж адамдардын кубанычына себепчи болууга чакырып кетем.

Ислам дининин баалуулуктары кылымдарды карыткан улуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарына шайкеш келип, элибиздин руханий өнүгүүсүнө өбөлгө болууда.

Бүгүнкү күндө Мекке шаарында ажылык парздарын аткарып жүргөн мекендештерибиздин ибадаттары кабыл болуп, аман-эсен кайтып келишин тилек кылалы.

Чалынган курмандыктарды жараткан кабыл кылсын.

Ар кыл этностордон жана конфессиялардан турган ырыскылуу Кыргыз элинин биримдиги чыңдалып, бата-тилектер кабыл болуп, Ата Мекенибиздин өнүгүшүнө багытталган бардык ой-максаттарыбыз орундалсын.
Жараткан куттуу өлкөбүзгө бакубатчылык ыроолосун», — деп жазылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты