Президент Садыр Жапаров Казакстанга барды

Президент Садыр Жапаров 29-июлда “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды.

Астана шаарынын эл аралык аэропортунда өлкө башчысын Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.

Сүрөт: Ынтымак Ордо

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты