Президент Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.             

Маалыматка ылайык, өлкө башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

«Президент Жапаров кесиптеши Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты